|
Эмиссиялык баалуу кагаз
|
|
ЭМИССИЯЛЫК БААЛУУ КАГАЗ – бир эле учурда төмөндөгү белгилер аркылуу мүнөздөлгөн баардык баалуу кагаздар: КР мыйзамдарында белгиленген тариз менен тартиптерди сактоо менен, күбөлөндүрүүгө, жол берүүгө, сөзсүз түрдө аткарылууга жатуучу мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктардын жыйындысын бекитет; чыгарылуу менен жайгаштырылат; баалуу кагазга ээ болуу убактысына карабастан, бир чыгарылыштын ичиндеги укуктарды ишке ашыруунун бирдей көлөмү менен мөөнөтүнө эгедер.
|